Жогорку Кеңеш: "8-ноябрь иш күнү боюнча калды"

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 8-ноябрь иш күнү боюнча калганын билдирди.

"Жогорку Кеңеш өз токтому менен президенттин 7-8-ноябрь күндөрүн жыл сайын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгилөө тууралуу сунушун колдоого алгандыгын билдирет. Буга байланыштуу 8-ноябрды календардын “кызыл күнү” кылып жарыялоо үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилиши зарыл. Мындай мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кечээ, 1-ноябрда биринчи окууда кабыл алынды. Андыктан “Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3 окуудан кабыл алынгандан кийин гана 8-ноябрь жумуш эмес күн катары жарыяланат", - деп жазылган маалыматта.

Айта кетсек, бүгүн парламентте 7-8-ноябрь күндөрүн жыл сайын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгилөө тууралуу сунушталган токтом колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BekAmir
2017-11-02 18:56:20
Туура
0
barakcha
2017-11-02 19:11:55
Ошондо 8 баарына эле иш кунбу?
0
Adilet2014
2017-11-02 22:18:18
Тушунуксуз го.... Темасы 8-ноябрь иш куну деп жазгансынар. А теманын ичинде 7-8 ноябрь красный кабыл алынды деп жатасынар
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан