Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 2-ноябрда Ташкент шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуу КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу алкагында өттү.
Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле чек ара жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды.
Исаков Ариповго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу өлкөнүн тышкы саясатындагы келечектүү багыттардан болуп саналарын белгиледи.
Ал эми өз сөзүндө Арипов эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин мүмкүнчүлүктөрү толук түрдө ишке ашырылбай жатканын айтты. Ал 2017-жылдын январь айынан сентябрь айына дейре эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 193 миллион долларын түзгөндүгүн маалымдады жана аталган көрсөткүчтү жылына 500 миллион долларга чейин жеткирүү зарылдыгын белгиледи.
"Өзбек тарап бул маселеге колдон келген көмөктү көрсөтүүгө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр", - деди Арипов.
Исаков белгилегендей, мамлекеттер аралык соода жүгүртүүнү эки эсеге жогорулатуу эки тараптуу мамилелердин реалдуу көрсөткүчү болуп саналбастан, келечекте аны өнүктүрүүнүн башталышы гана болуп эсептелет. Ал кыргыз тарап аталган көлөмдү жогорулатууга даяр экендигине ишендирип кетти.
Андан соң тараптар транспорттук коридорлорду, анын ичинде "Кытай-Кыргыз-Өзбекстан" темир жолун, ошондой эле эки өлкө ишкерлери ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулады.
Жыйынтыгында тараптар гуманитардык кызматташтык жана эки мамлекетте маданият күндөрүн өткөрүү маселесин карады.
Буга катар мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун иши талкууланды.
Өзбек тарап жакынкы арада эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын колдоосу астында Өзбекстанда чектеш облус жетекчилеринин алгачкы жыйынын өткөрүүгө чакырды.