Бүгүн, 2-ноябрда жарандык активисттер Төрөхан Жунусбеков, Айбек Мырза, Аманбол Бабакулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.
Анын айтымында, аты аталган үч жарандык активист 29-октябрда Талас шаарында өткөн митингге катышкан. "Эртең дагы митингге катышууга даярданып жүрүшкөн. Менин оюмча, ошого карата УКМКга чакырылды болуш керек", - деди Турдукулов.
Ал эми Айбек Мырза УКМКдан чыкканын билдирип, Таластагы митинг боюнча сурак бергенин айтты.
Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов SUPER.KG'ге билдиргендей, жарандык активисттер массалык баш аламандык уюштуруу боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштерин жүргүзүү үчүн чакырылган.
Айта кетсек, 29-октябрда Таласта президенттин сөзүнө нааразы болгон тургундар митингге чыгышкан.