Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 1975-жылы 3-ноябрда Ноокен районунун Сакалды айылында төрөлгөн. 1996-жылы Ош технологиялык университетинин коммерция жана менеджмент адистигин бүтүргөн. 2008-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча магистр даражасын алган. Эмгек жолун 1997-жылы Кочкор-Ата шаардык базарынын даярдоочусу болуп иштөө менен баштаган.
1998-1999-жылдары Жалал-Абад облусунун “Агро-Эсеп” аудитордук фирмасынын улук адиси, 1999-2000-жылдары "Ош-Эсеп" ЖЧКсынын Жалал-Абад филиалынын аудитору, 2000-2010-жылдары Ноокен районундагы Сакалды айыл аймагынын "Мур-Ашим" айыл чарба кооперативинин жетекчиси, "Лиматекс пахта корпорациясы" ЖЧКсынын сырьё боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2010-жылы Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
2010-жылдын октябрында "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Нурбек Мурашев 2016-жылы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалган.
3-ноябрга карата жылнаама.