Кийинки жумада Жогорку Кеңеш мөңгүдөн алтын казууга уруксат берген мыйзамды кабыл алары күтүлүүдө. Буга чейин 31-октябрда парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алган.
Анда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасап, Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан анда кен казууга уруксат берүүнү сунуштаган. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган.
Эгер парламент Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырса, "Кумтөр" кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.