Бишкекти Жаңы жылга карата жасалгалоого 15,7 миллион сом сарпталганы жатат

"Бишкек свет" муниципалдык ишканасы борбор калааны Жаңы жылга карата жасалгалоого тендер жарыялады.

Кечээ, 2-ноябрда Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгашкан маалыматка ылайык, "Бишкек свет" бул ишке 15 миллион 767 миң 650 сом жумшоого даяр. Тендерге катышуу үчүн билдирме таштоо 23-ноябрга чейин мүмкүн.

Эскерте кетсек, 2016-жылы шаардагы жарыктарды жаңылоого 16 миллион сом, балатыны жасалгалоого 900 миң сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tasuluu
2017-11-03 08:55:38
Ошончо акча абага кеткени калат.оорукчан акчага муктаждар коп болуп атат аз аздан болуп ошолордун сообуна калган жакшы эмеспи
+7
Zalkar_Shamaldy-Sai
2017-11-03 09:00:01
Жогорку Кенеш Монгулордон кен казууга уруксат бериптир ушул туурабы
+2
Almaz_kg
2017-11-04 00:08:35
Zalkar_Shamaldy-Sai,
Ар дайым эле казып мөңгүгө жеткенде уруксат беишип жатышатко
0
Shaa-82
2017-11-03 09:04:17
О немеда каяктагы бир майрамды деп ушунча акчабы????? Мусулмандардын майрамында ушунча акчага, мисалы Курбан айтта кой алып союп элге таратса кана ээ ошончо акчага, канчалаган сооп, баталарды алышмак. Эхххх бюджетте акча жок эле дешет анча миллиондор каяктан келтат.
+8
juma11anara
2017-11-03 09:22:57
Толтура сөздөрдү жазайын дедим эле. Админ банга түшүрүп салбасын.
Жаңы-жыл келди жаш балдар.
Кайраттанган шаттанган.
+7
aliko78
2017-11-03 11:18:27
Ысыраптан сактансак жакшы болмок.
+1
Bek_abad
2017-11-03 12:02:21
Мен тушунбоймда биз Ислам мамлекетбизби? Айт майрамда бизге корсонор керек бир шаарга бир жазуу илет болду...
0
kaRa-4aPan
2017-11-03 12:07:57
Өлалбай отуруп кайдагы майрам,андан көрө бүтпөй калган мектептерди бүтүрбөйбү.
+5
Aima94
2017-11-03 16:50:38
Мынча акча кайдан келет? Жеп ашканын эптеп жасамыш этишет. Андан көрө аэропорттон шаарга чейин свет койгулачы. Кыргызстанга учсан түнү капкарангы эч нерсе көрүнбөйт. Москвадан консон тимеле жапжарык. Жеп же тешип чыкпайт эч кимисин!!!!
0
Taalaibek.
2017-11-04 07:45:04
Жаны жыл 21-мартта да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан