Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Советтер Союзунун жана Коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Лениндин сөөгүн көмүү керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 2-ноябрда социалдык түйүндөгү жеке баракчасы
аркылуу жарыялаганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
“Лениндин сөөгүн жерге берүү маселесин, албетте, Орусиянын президенти Владимир Путин чечиши керек. Сөөктү көмүүгө убакыт келди. Бул кадам акылмандык жана адамгерчиликтүүлүк болуп саналат. Орусиянын Кызыл аянтында өлүк салынган табыттын болгону туура эмес. Бул чечим кабыл алынса тарыхый жактан туура болот”, - деп жазган.