"Элес" тобунун мурдагы солисти Айдин Жумалиев каза болду

Легендарлуу "Элес" тобунун мурдагы солисти Айдин Жумалиев узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу белгилүү продюсер Ассоль Молдакматова коомчулукка жарыялады.

Маалым болгондой, ырчы дарылануу үчүн Түркияга барган. Бирок жакшы жыйынтык болбогондуктан 1-ноябрь күнү кайрадан өз өлкөсүнө жиберилип, Улуттук онкология борборуна жаткырылган.

Эске салсак, Айдин Жумалиев буга чейин боор рагы илдетине чалдыгып, дарыланууга көп чыгым кете тургандыктан коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

Белгилей кетсек, "Элес" тобу 1985-2002-жылдары эл ичинде популярдуу топтордун катарын толуктап кийин тарап кетсе, ушул жылдын июль айында кайрадан биригишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shaa-82
2017-11-03 10:01:56
Жаткан жери жайлуу болсун, уй-булосуно Аллах сабыр берсин, калган омурун балдарына берген болсун! Аллах бут билип билбей кылган куноолорун кечирген болсун!
+14
sagyndym90
2017-11-03 10:02:34
Жаткан жери жайлуу болсун.
+8
lady_91
2017-11-03 10:03:30
Жайы жаннаттан болсун...
+7
Kaninaiman
2017-11-03 11:17:23
Жаткан жери жайлуу болсун. Ушул боор ооруусу рагы тууралуу кенен жазып койсонуздар
+2
admin_superstan
2017-11-03 11:33:05
Kaninaiman, саламатсызбы! Боор рагы тууралуу маалыматты ушул шилтемеден тапсаңыз болот. https://www.super.kg/article/show/495?searchtext=боор
+1
admin_superstan
2017-11-03 11:30:49
Jeka1996vip, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
+1
Aynura87
2017-11-04 06:41:36
Iymani salamat bolsun((( Jakindale jawagim kelet dep koomchuluktan jardam suradi ele. Ajal degen uwulda. Allah irayim kilsin. Jakindarina sabr bersin. Omur uwunchalik kiska. Ajal ayttirbay kelet. Olumgo dayima dayar jurolu, jakwi amaldardi, soop iwterdi kilip. Bugun bar erten jokpuz. Konulubuzdu oorutpay. Bir tuugandik mamileni bekem saktayli.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан