Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы "Бозымчак" алтын кенин казып жаткан "КАЗ Минералз Бозымчак" казакстандык ишканасы токтотулган ишмердүүлүгүн кайра улантат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы текшерүү жүргүзүп, аталган ишкана экологиялык эрежелерди бузганын аныктаган. Инспекция ишканага айып пул салып, экологиялык талаптарды калыбына келтирүү талабын койгон.
"Буга байланыштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 1-ноябрда "КАЗ Минералз Бозымчак" ишканасынын ишмердүүлүгүн 3 айга токтотуу чечимин кабыл алган.
Бирок алтын казган ишкана ага коюлган талаптарды аткарганы үчүн бүгүн, 3-ноябрда ага ишмердүүлүгүн улантууга уруксат берилди", - деп билдиришти Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен.