Аргентиналык студент Маурисио Оссола өзүнүн чоң атасынын бир тууганы 91 жаштагы Иоланда Торрес менен 23 жаш курагында баш кошкон. Баш кошуу жөрөлгөсүн өткөргөндөн 1 жыл 2 ай өткөндөн кийин Торрес каза болуп калып, эми 24 жаштагы Маурисио анын өлгөндөн кийин ага мамлекет тарабынан берилчү акчасын алуу аракетин көрүүдө. Студенттин айтымында, Иоланда Торрес акыркы керээзи катары "пенсиямды алып ал" деген. Ал "кемпиринин" керээзин аткаруу үчүн мамлекеттик социалдык кызматка арыз берген.
Аргентинада аталган пенсия жума сайын берилип турат. Социалдык кызмат Оссоладан келип түшкөн арызды кошуналарынын маалыматынан улам кабыл албай койгон. Себеби коңшулары алардын үйлөнүп жашап жатышканын билген эмеспиз дешкен. Эми жесир калган студент бул маселе менен Жогорку Сотко кайрылууга белсенүүдө.
Маурисионун ата-энеси ажырашып кеткенден 8 жыл өткөндөн кийин Иоланда менен тууганчылыгыбыз жок деп түгөйлөр катары чогуу жашап башташкан. Алар жашаган үйдө экөөнөн башка Маурисионун апасы, таенеси жана байкеси да жашайт.
"Ал менин жашоомдогу негизги таянычым болчу. Мен аны сүйчүмүн. Ал мага баш кошууну биринчи сунуштаган. Мен юридика жаатындагы окуумду улантууга мүмкүнчүлүк болбой калганда ал мага колдоо көрсөтүп, окуумду улантууга дем берди. Биз кошуналарыбызды тааныбайбыз деле. Ошондуктан биздин баш кошуп алганыбыз тууралуу кайдан билишсин? Мен аны менен ооруканага чогуу барып, дайыма жардам кылып жанында жүрчүмүн. Ошондуктан ал да мага камкордук менен жооп кайтарчу", - дейт жаш студент.