Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен жолукту

Бүгүн, 3-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыкка жаңы шайланган Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда Атамбаев Жээнбековду президенттикке шайланышы менен куттуктады.

"Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо ачык-айкын өткөнүн баса белгиледи. Атамбаевдин айтымында, шайлоонун жыйынтыгы Кыргыз жарандарынын Сооронбай Жээнбековго ишеними жогору жана жаңы президенттен чоң күтүүлөр бар экенин көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Атамбаев менен Жээнбеков ички жана тышкы саясаттагы маселелерди талкуулашканын билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан