Кечээ, 2-ноябрда Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков менен Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки премьер-министрдин жолугушуусу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны алкагында болуп өттү. Алар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.
Сапар Исаков белгилегендей, Кыргыз өлкөсү Беларусь менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде бардык маселелер тармагы боюнча мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.
“Беларусь санариптик технологияларды ишке киргизүү боюнча алдынкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Биз, Кыргыздар масштабдуу санарипке өтүү боюнча “Таза Коом” программасын ишке киргизүүдөбүз. Анда электрондук экономика жана коопсуздук концепциясы киргизилген”, - деди Исаков.
Андрей Кобяков эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын алгылыктуу иш-аракеттеринин натыйжасында кызматташуунун мүмкүндүгү өсүп жатканын белгиледи. “Кызматташтыктын негизинде товар алмашуунун көлөмүн көбөйтүү гана эмес, инвестиция жаатында аракеттешүүнү өнүктүрүүгө да шарттар бар”, - деди Кобяков.