WhatsApp мессенжери дүйнө боюнча 1 сааттай иштебей турду

Бүгүн, 3-ноябрда болжол менен саат 14:00дөн 15:00гө чейин дүйнө боюнча WhatsApp мессенжери убактылуу өз ишин токтотту. Башкача айтканда, аталган тиркеменин колдонуучулары бири-бирине кат, аудио жана видеолорду жөнөтө албай калышкан. Мындан улам аз убакыттын ичинде эле интернеттеги социалдык тармактагы баракчаларына "WhatsApp иштебей жатат", "WhatsApp`ка эмне болду?" деген суроолорду жазып чыккандардын саны бир топко жеткен.

Белгилүү болгондой, тиркеме Италия, АКШ, Германия, Индия, Орусия, Казакстан, Кыргыз өлкөсү жана башка бир канча мамлекетте иштебей калган. Ал эми мессенжердин өкүлдөрү эмне себептен мындай көрүнүш орун алганы боюнча билдирүү таратыша элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Alibay
2017-11-03 16:06:22
Аба жоголуп кеткендей эле болушкандыр....
+5
Pandora
2017-11-03 18:13:21
Alibay,)))
0
Bekboloooot
2017-11-03 16:10:28
Оңдоо иштери болгон дешсе керек,техникалык камсыздоолор болгондур балким ошентип түшүндүрөр!
Балким, хакерлерда кылгандыр мессенжерди болгону 100 инженер эле көзөмөлдөп турушат деп окугам.
0
zhykyo
2017-11-03 16:12:13
15.15 кириптирмин мм
+1
orozova
2017-11-03 16:23:52
Ошо жазган смстерим кетпей атты.
-1
nazi25
2017-11-03 16:43:40
Туура иштебей атты
+1
RusMos76
2017-11-03 16:54:34
Оа меники да иштебей калды Москвадамын
+1
karashire
2017-11-03 16:59:24
Меники иштеп эле жатты саат 14-01 откондо кирипмин
0
USSRKG
2017-11-03 17:25:26
1,5млрд долларга арзан сатып салган автор Ватсапты
0
almanbetperm
2017-11-03 17:35:16
Бир саат эмес 20 минут где то
0
Kanzada97
2017-11-03 19:27:01
Иштеди элего
-1
jamilya03
2017-11-03 21:41:53
Гундузу очсо эч нерсе эмес кечинде очуруп койсо кандай болот эле
-1
Salman1993a
2017-11-05 03:53:16
Коп кирбегендиктен байкаган жоксун чындыгында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан