SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бай күйөөгө тийгим келет" деген тема талкууга алынууда. Анда автор "Жокчулук жашоодон ушунчалык жададым. Тапкан акчамдын баары кредитке кетет. Өзүмө деп чогулткум келет. Телефон, машина, жакшы кийим... Бирок тапкан акчама ээ боло албай келем. Жардам керек мага", - деп жазган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кыз балага машинанын эмне кереги бар. Сүйлөшкөнгө телефонуң барбы, жетет да ошол. Кийим эч нерсени чечпейт. Мисалы, мен бир жылда бир кийим алсам алам, болбосо жок. Эч ким 2 жыл мурунку кийимиң деп айтпайт. Жокчулукка келсек, бул убактылуу өтүп кетчү нерсе. Бул күндөр да өтөт, кетет".
"Байлык эч нерсени чечпейт. Түрдүү кийинип, жасанып алып жүргөн менен бактысыз адамдар толтура".
"Колунда сокур тыйыны жок бирөөгө тийбе. Себеби аял алганга чейин бир аз өзүн эптеп алыш керек да".
"Бай, бирок бактысыздар толтура" дегениңерге кошулбайм. Бай болсо эле жаман жагын айткан туура эмес го. Байга тийип эле бактылуу болгондор да толтура. Жакшы максат кыла бер. Байга тийип бактылуу бол!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.