Султан Жумагулов маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды

Султан Жумагулов маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Айта кетсек, 1-ноябрда Жогорку Кеңеш Султан Жумагуловдун талапкерлигин колдогон. Султан Жумагулов Кыргыздагы белгилүү журналист, мурун "Азаттык" радиосунун, ЭлТР жана КТРК телеканалынын жетекчи кызматтарында иштеп келген. Буга чейинки маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков 28-октябрда кызматтан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2017-11-03 18:00:21
Уят болбой иштегиле да,тааныш билиш кылып атып дагын кыйласы эмгек синирип кетпесин
+4
bosmos77777
2017-11-03 18:08:06
А кайран Кыргызым ! Бийлигинде,ушундай кишилерден алыс кылчы. Кыргыздын бийлиги алмашуусу керек. Эл башчысынан баштап,бутундой. Кыргызга "Жанылануу" керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан