Президент 43 жыл мурун тургузулган Кыргыз-Орус достугун чагылдырган "Элдер достугу" эстелигин көрктөндүрүү үчүн 3 миллион 111 миң сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус достугун чагылдырган "Элдер достугу" эстелигин көрктөндүрүү үчүн 3 миллион 111 миң сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, бул акча Бишкек шаарынын мэриясы борбордук "Ала-Тоо" аянтынын жанындагы Кыргыз-Орус достугун чагылдырып турган "Элдер достугу" эстелигин көрктөндүрүү үчүн каражаттык колдоо катары бөлүнүп берилген.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы "Элдер достугу" монументи 1974-жылы ачылган. Анын авторлору скульпторлор Т.Садыков, З.Хабибулин, О.Б.Бакашев, архитектор А.Нежурин. Монументтин бийиктиги 28 метрди түзүп, бетондон турган, экиден канатты элестеткен 4 пилондон турат. Алардын беттери ак мрамор таш менен капталган. Ошондой эле эстеликтин негизи боз мрамордон тургузулган 13 фигурадан турат. Алардын арасында 2 эне - орус жана кыргыз аялдары бири-биринин колун кысып, достуктун символун чагылдырып турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dalil
2017-11-03 20:15:04
Мындай чыгаша кылып подход жасагандан көрө ойлонуп сүйлөсө жакшы болмок.
+5
AIZAD
2017-11-03 23:55:22
Баары бир жеп атат , корсотпой жегиче корсотуп жегени да. ((( мейли эми жакшынакай кылып ондоткула ушуга жараша
+4
nur...nur.
2017-11-04 02:12:09
Эх
+3
nur...nur.
2017-11-04 02:15:00
Эх ушунча каражаты эмнеге болот жыргап жаткансып кимге кереги бар суйлоп алып подход кылгандын уят ар намыс деген жок экен
+5
barsbegKG
2017-11-04 03:55:06
Эми кошаматчылк кылууга өттүбү ары жок.
+2
barsbegKG
2017-11-04 03:58:09
Президент президенттей болбогону үчүн калгандары да бири-бирине окшошот анан генералдык наамга жеткен имиш!
+2
Begimai-89
2017-11-04 14:46:21
"Башын иштебесе колу бутуна, чонтогуно күч" дегендей болуптур да бул жагы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан