Бишкекте 7 жана 9 айлык бөбөктөрдүн жөрмөлөө боюнча жарышы өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде 7-9 айлык ымыркайлардын жөрмөлөп жарышуу боюнча мелдеши өттү. Анда 55 ымыркай жөрмөлөп байгелүү орундар үчүн жарышты.

Мындай мелдеш Кыргыз өлкөсүнүн аймагында алгачкы жолу өткөрүлдү. Ымыркайларды атайын килемге коюшуп, алдынан атасы же энеси чакырып, фиништик марага чейин жөрмөлөттү. Катышуучулар 7 тайпага бөлүнүп, алдынкы 3 орунду ээлеген бөбөктөр кийинки этапка өтүп жатышты. Ата-энелер өз балдарын ар кайсы кызыктыруучу буюмдар менен чакырып жатышты. Айрым ата-энелер шар, таттуулар менен кызыктырса, көбү телефон, планшет жана ноутбук менен кызыктырып жатышты. Жакшы эле келе жатып орто жолдон ыйлап же башка жакка бурулуп кеткендер, алаксып жөрмөлөбөй отуруп алган бөбөктөр көрүүчүлөргө күлкү тартуулады.

9 айлык Жайсан Таштанбеков бардык этаптарда алдынкы орундарды ээлеп 1-орунга ээ болду. Аны фиништик марага атасы ээрчитти. Жайсандын атасы Максат Кайназаров анын жеңиши тууралуу "мелдеш абдан кызыктуу болду, биз буга чейин мындай мелдештерге катышып көргөн эмеспиз. Менин балам телефонго абдан кызыкканынан биринчи жана экинчи жолу ошол менен чакырып фиништик марага жеттик. Кийинки финалдык жарышта баламды шар менен алаксытып жеңип алдык. Бирок балам өзү мен чакырганда эле келет", - деп кубанганын жашырган жок.

Бишкекте ымыркайлар арасында жөрмөлөө боюнча "чемпиондор" аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Jazdyn_tany
2017-11-03 19:55:45
Ананайындар!
+3
maks94.kb
2017-11-03 20:08:07
Эң сонун бөбөк төргө бекем ден соолук кен келечек мыкты инсандардан болушсун дароо кандай сонун көз ирмемдер
+8
Pandora
2017-11-03 21:18:28
Соонунго,омурунор узун болсун
+2
Truelensk
2017-11-03 21:35:11
Мен да алпармакмын билбей калбадымбы
0
asylbekova
2017-11-03 21:41:42
Иии ширин алтындар.
+1
dasta
2017-11-03 21:48:22
Ее айланып кетейн коозуларым десе мынча шириндер
0
zahira
2017-11-03 22:13:47
Ии шириндер десе , омурунорду берсин. Кээ бир мамашалар этек женин жапкан ,эч болбосо тизеден ылдыйыраак койнок кийип алышпаптыр, Оздоруно деле ынгайсыз болгондур энкейип, отурганда. Суроттордон коруп бул жакта мен уялып кеттим.
+4
sely
2017-11-03 23:41:10
zahira,бобоктор мн болуп энелерине такыр маани бербепмин
+1
Zeine
2017-11-03 22:21:14
Соонун таймаш уюштуруптур уюштуруучуларга рахмат. Кичинекей наристелерге бактылуу балалык омурлору узун ден соолуктары чын кыргыздын чыгаан инсандарынан болсун...
+2
kilim
2017-11-03 22:26:47
Ыйлап аткан убагы соонун болуптур омурунор узун болсун
0
aerforce
2017-11-03 23:43:32
ии биз укпай калдык баламды жарыштырмакмын 7 ай араксынан кууп чарчайм жормологондо бир тынбайт тфу тфу козум тийбесин
0
Birimdik5555
2017-11-04 00:29:58
Ии шириндер омурлуу болушсун,Жайсан спортсмен болот экен да
0
Holboeva92
2017-11-04 08:48:47
Откондо 4 ноябрда болот деп жаздынар элего. 4 ноябрьга даярданып журсо.
+2
jypara1415
2017-11-04 08:59:37
Кичинекейлердин омурун берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан