Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 3-ноябрда Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңири курамда өттү. Ошондой эле жыйындын алкагында Сапар Исаков Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков менен жолукту.
Мындан сырткары Исаков Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Мирзо Улугбек атындагы улуттук университетинде жайгашкан “Чыңгыз Айтматов Өзбекстанда” аттуу туруктуу экспозициясына барды.