Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков 1954-жылы 4-ноябрда Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында төрөлгөн.
Ал 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1994-жылдары өндүрүштө иштөө менен, Омск жогорку милиция мектебин юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн. 1978-жылы комсомол уюму тарабынан ички иштер органдарына иштөөгө жөнөтүлгөн. 1978-1983-жылдары Кыргыз ССР ИИМинде инспектор, улук инспектор болуп иштеген.
1983-1988-жылдары Фрунзе шаарындагы Биринчи Май РИИБинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн оперативдүү кызматкери, улук оперативдүү кызматкери, 1988-1989-жылдары Фрунзе шаарындагы Биринчи Май РИИБинде ШМБ башчысы болгон. 1990-1992-жылдары Ички иштер министрлигинин Өзгөчө маанилүү иштер башкармалыгында улук оперативдүү кызматкер болуп иштеген. 2003-2004-жылдары ИИМдин Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгында бөлүмдүн башчысы, 2004-2005-жылдары Ош облусунун Ноокат РИИБинин жетекчиси болгон. 2005-2006-жылдары Токмок ШИИБинин жетекчиси болуп эмгектенген.
2006-жылы жаш курагы жеткендигине байланыштуу ички иштер органдарынан бошотулган.
2010-жылы Бишкек ШИИББ башчысы, андан соң Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2010-жылдын октябрь айында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
4-ноябрга карата жылнаама.