Ташкентте Сапар Исаков Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев менен жолукту

3-ноябрда Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков менен эки тараптуу жолугушууну өткөрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек байланыштарынын өнүгүп жаткандыгына жакшы баа беришти. Анда эки өлкөнүн президенттеринин буга чейинки иш сапарларында кабыл алынган чечимдерди жана макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле Мирзийоев менен Исаков эки өлкөнүн ортосунда товар айлантуунун көлөмүн жогорулатуу, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында кооперацияны кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

Өзбекстандын башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Мирзийоев ал күнү эки тараптуу жолугушууларды Армениянын премьер-министри Карен Карапетян жана Азербайжандын биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен да өткөргөн.

Айта кетсек, кечээ, 3-ноябрда Ташкент шаарында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан