Бишкек шаардык мэриясы менчик үйлөрдүн тротуарга чейин чыгып кеткен тосмолорун алдырды

Бишкек шаардык мэриясы "Бишкек шаарынын жолдор, көчөлөр тармагын өнүктүрүү" долбоорунун биринчи фазасынын алкагындагы иштерди баштады. Мындай маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгилүү болгондой, аталган долбоорду ишке ашырууга Кытай Эл Республикасы гранттык жардам көрсөткөн. Долбоорго Бишкек шаарындагы Профсоюзная көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Кустанайскийге чейинки бөлүгүн оңдоо киргизилген.

"Мэриянын алдындагы жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы тарабынан Бородина көчөсүндөгү №36-үйдүн 36 метр шлакоблоктон тургузулган дубалы буздурулду. Ошондой эле Профсоюзная көчөсүндөгү №58 жана 62-үйлөрдүн ээлери өз эрки менен 34 метр бетон тосмосун алышты. Мындан тышкары муниципалдык аймакка чейин чыгып кеткен 7 метрлик металл тосмолор да алынды", - деп билдиришти мэриядан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mir777
2017-11-04 11:28:52
эми Бабанов камалабы?
мен чыдабайм анда
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-04 12:03:57
mir777, жоголуп кетиптир
0
Petrovka
2017-11-04 15:43:38
АША менен Соке Бабановдон коркуп ушул ишке барып атышат да.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан