Нарын шаарында бүгүн, 4-ноябрда балдарды өнүктүрүү борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага облус, шаар башчылары, шаардык кеңештин депутаттары, “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун Кувейт өлкөсүнөн келген өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Балдарды өнүктүрүү борбору өзүнө мектеп, жатакана, устакана, тигүү цехин, ФАП, дүкөн, спорт аянтчасын камтыйт. Жаңы ачылган жай 300 балага ылайыкталган.
"Аталган борбордо ата-энеси жок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышат. Мындан сырткары таланттуу балдарга өзгөчө көңүл буруу максатында атайын окуу ийримдери, эмгекке үйрөтүү да эске алынган. Бардык окутуу программалары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуунун негизинде киргизилет. Мектеп толук кандуу кийинки жылдын сентябрь айында ишке берилет", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, балдарды өнүктүрүү борборуна шаардын РТС аймагынан 1,5 гектар жер аянты бөлүнүп берилип, ал Кувейттин "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып курулган.