Тажикстанда чет жерден билим алып келген имамдарды иштен бошотуу чечими кабыл алынды

Тажикстандын дин иштери жана элдик салттарды, салтанаттарды, ырым-жырымдарды жөнгө салуу боюнча комитети чет элде билим алган имамдарды иштен алуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган комитеттин маалымат кызматына таянып жазууда.

Ага ылайык, Тажикстан өкмөтү демилгени колдоп, чет элде окуп келген имамдарды иштен алуу боюнча чечим кабыл алган. Башка өлкөдөн билим алып келген дин кызматкерлерди кызматынан алуу жана жаңы талап боюнча алардын ордуна башка имамдарды дайындоо иштери тиешелүү мекемелерге дайындалган.

Ошол эле учурда комитеттин жетекчиси Сулаймон Дав жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Саидмукарам Абдулкодирзода дагы чет жактан билим алышканы маалым болгон.

Анткени менен Саидмукарам Абдулкодирзода бул чечимди туура деп билдирген: "Эгер тиешелүү комитет ушундай чечимди кабыл алса, демек, бул туура чечим. Мындай демилге жөндөн жөн эле көтөрүлбөйт. Менин оюмча, бул чечимдин бир кездерде чет элден билим алып келген жалпы дин кызматкерлерине тиешеси жок. Дин кызматкерлери кайсы жерде, кандай агымда билим алгандыгы аныкталат болуш керек. Эгер мени чет элде билим алган деген жүйө менен кызматтан кет десе, өлкөнүн коопсуздугу үчүн кеткенге даярмын", - деген ал.

Ал эми комитеттин пресс-катчысы Афшин Муким тиешелүү чечим 28-октябрда кабыл алынганын айтып, "чечим чет жактарда мыйзамсыз жолдор аркылуу билим алган гана имам-хатибдерге тийиштүү", - деген.

Тажикстанда акыркы 2 жылда чет жакта окуп келген бир нече имам-хатибдер өлкөдө тыюу салынган кыймылдарга жана партияларга мүчө болгондугу үчүн соттолушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Drongo
2017-11-04 13:35:49
Тажикстан туура кылган,мамлекеттин коопсуздугу,келечеги учун кам коруп.
+7
aydinnur
2017-11-04 13:43:47
Эң туура кылган Тажикстан бийлиги.. бизде да ушундай кылыш керек..
+5
Saidochka
2017-11-04 14:34:46
А бизде бардак,...
+6
Ayida
2017-11-05 21:10:44
Билип билбей суйлобогуло!Бизде Алхамдулиллах баардыгы туура жолдо.Туура эмес жолдогулар дин бийлигинде жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан