"Кайык" же Нарындагы адам өмүрүн алган асма көпүрө". Мына ушундай аталыштагы видеоматериалды SUPER.KG порталынын "СУПЕР ТВ" бөлүмү даярдады.
Анда Нарын районундагы Ак-Булуң, Дөбөлү, Таш-Башат айылдарынын тургундары бири-бири менен асма көпүрө аркылуу катташарын айтып беришкен.
"Мен эс тартканы бул көпүрө ондон ашуун адамдын өмүрүн алган. Жергиликтүү бийликке бул тууралуу бир нече жолу айтылганы менен, маселе чечилбей келет", - деген жашоочулардын бири.
Асма көпүрө эмне үчүн курулган, ал аркылуу өткөндө эл кандай тобокелге барат? Бул суроолорго жеринде тартылган сюжеттен жооп аласыз. Видеоматериалды көрүү үчүн бул жерди басыңыз.