Жаңы шайланган президенттин инаугурациясын уюштуруу комитети биринчи жыйынын өткөрдү

Кечээ, 3-ноябрда президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын даярдоо боюнча уюштуруу комитети биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында инаугурациянын программасы жана чакырылчу коноктордун тизмеси тууралуу талкууланды. Анда комитеттин мүчөлөрү сунуштарын айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Айта кетсек, кечээ президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын 24-ноябрда уюштуруу комитетин түзүү боюнча атайын жарлыкка кол койгон. Аталган комитетти президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов жетектемей болду. Уюштуруу комитетинин курамына Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын жетекчиси Фарид Ниязов, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев жана башкалар киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursultanbek
2017-11-04 20:24:20
эмнени кыйратат ушулар!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан