Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылында 3-май күнү жер титирегени маалым. Аталган айылда жер титирөөнүн кесепети жоюлбай жатканын "Элдик кабарга" окурман кабарлады.
"Күн сууктап, кыш мезгили жакындап келе жатат. Май айынан бери үй-жайы жараксыз абалга келген тургундар чатырларда жашап келишти. Жайдын күнү кыйынчылык билинбегени менен, күн сууктап баштаганы кыйналып жатабыз. Эл аралык уюмдар чатыр сыяктуу буюм-тайымдан кол кабыш кылышты, а мамлекет тарабынан маселени чечип берчү эч ким жок. Мындан тышкары Карамык айылында да ушундай эле көрүнүш. 610 үйдү жашоого кооптуу, жараксыз деп чыгарып беришкен. Кар түшсө кайда барып баш калкалайбыз деп тынчыбыз кетүүдө", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.