Түркияда ооруканада жатып каза болгон 23 жаштагы Ширин Бейшембекованын сөөгүн өз мекенине алып келүү аракеттери жүрүп жатканын SUPER.KG'ге 5-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, маркумдун сөөгү Кыргыз жерине акысыз алып келиниши мүмкүн.
"Кыз 4-ноябрда каза болуп калды. Учурда медициналык документтер чогултулуп, Түркиядагы элчилик менен Стамбулдагы башкы консулдук маркумдун сөөгүн акысыз жиберүү боюнча аракеттерди көрүп жатат. Ал эми Денизли шаарындагы Кыргыз жарандары кыздын апасын учак менен жиберүү үчүн керектүү жардамдарды чогултуп жатышат", - деди Кулукеева.
Ширин бир жарым жыл мурун Денизли шаарына барып ошол жакта бирөөнүн 2 жаштагы кызын багып жүрүп бөйрөктөрү иштебей ооруканага жатып калган. Маркумдун апасы кызынын абалы өтө оор болуп жатканын айтып, Кыргыз өкмөтүнөн жана коомчулуктан жардам сурап кайрылган болчу.