6-ноябрга караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын инисин атып кетишти. Бул тууралуу маалыматты Салянованын жактоочусу Улан Жумаков Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, кол салуу Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүндө болгон. Атылган октон 1975-жылы туулган Улан Салянов каза болгон. Маркумдун уулу Абай Салянов окуя болгон учурда үйдөн качып кетип, кайра кайтып келген.
Азыркы тапта милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Улан Саляновдун мезгилсиз каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.