Пауэрлифтинг боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, орусиялык спортчу Наталья Румянцева каза болду

Орусиянын эмгек сиңирген спорт чебери, пауэрлифтинг боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Наталья Румянцева каза болду. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазды.

Маалыматта жазылгандай, спортчу 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү 46 жашында каза болгон. Анын өлүмүнүн себептери азырынча айтыла элек.

Наталья Румянцева акыркы жылдары машыктыруучулук менен кызуу алектенип, көптөгөн жаш спортчуларды даярдаган. Алар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өткөн мелдештерге катышып келе жатат.

Наталья Румянцева - пауэрлифтинг боюнча дүйнөнүн 7 жолку, Европанын 8 жолку чемпиону болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан