Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев кесиптеши Аида Салянованын инисинин өлтүрүлүшү боюнча кеӊири маалыматы жоктугун 6-ноябрда SUPER.KG'ге билдирди.
"Кылмышты жаӊы эле уктум. Азыр депутаттар менен байланышып жатам, саат 10дордо чогулуп баралы деп турабыз", - деди депутат.
Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишти. Маркум 42 жашта болгон. Азыркы тапта милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.