Жактоочу Улан Жумаков депутат Аида Салянованын өмүрү коркунучта экенин билдирди

Жактоочу Улан Жумаков депутат Аида Салянованын өмүрүнө кооптонуу жаралганын бүгүн, 6-ноябрда билдирди.

Жумаков убагында Аида Салянова башкы прокурор болуп Мамлекеттик резиденцияда жашап турганда резиденцияны кайтарган жоокерге кол салуу болгонун, андан Салянова жашаган коттеджге барчу жолду көрсөтүүнү талап кылганын эскертет. Ошондой эле Салянова Башкы прокуратураны жетектеп турганда уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөш жүргүзгөнүн да айтты. Бүгүн Аида Салянованын инисинин өлтүрүлүшү депутаттын өмүрү коркунучта экенин көрсөтүп жатканын айткан адвокат УКМК Салянованы күзөт кызматы менен камсыздоо керектигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишти. Маркум 42 жашта болгон. Азыркы тапта милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Melis2014
2017-11-06 10:21:39
Кылмышкер атамбаев
+24
Pandora
2017-11-06 11:31:45
Аиданын эле эмес Атамбаевда осуру коркунучта,алдынан чыккмнды эле каматып жатат белгисиз эле,бир кун атыла ошол дагы.Камалгандар ошол жерден туруп аттыратго
+8
almanbetperm
2017-11-06 12:03:13
Pandora,тушунсом олойун
-1
kg_emilbekov
2017-11-06 12:49:58
ана сага кирминал
-1
Almaz75
2017-11-06 13:48:20
Бийлик биринчи душман.
+5
tatynam_88
2017-11-06 19:44:20
Бийликтин иши.башка эмес...Аша озунун изин кар менен жаап журот да.кар эмес кан экенин билсе кана...ушул бойдон жыргал жашоого кетсе мейли дечи...кудай баарын таразвлап орду ордуна коюп коет.Аша эчкимди ыраазы кылбады го..кудай учун да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан