Жогорку Кеӊештеги "Ата Мекен" фракциясы депутат Аида Салянованын коопсуздугуна тынчсызданууда. Салянованын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн фракция УКМКга кайрылганы жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге 6-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Салянованын коопсуздугун камсыздап берүү жөнүндө кат менен кайрылганы жатабыз. Анткени ал башкы прокурор болуп турганда көптөгөн аткаминерлерге байланыштуу талкуу жараткан кылмыш иштерин козгогон. Анын душмандары абдан көп. Ага карата кылмыш иши да козголгон. Жок жерден, ойго келбеген, акылга сыйбаган "мотив" менен кылмыш иши козголуп, аны беш жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыккан. Мунун баары Салянованын эркин жана духун сындырууга багытталган аракет деп эсептейбиз", - деди Шыкмаматов.