Алмазбек Атамбаев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Президент куттуктоосунда журналисттер да өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти бөлүшүүгө милдеттүү экенин, коомдук пикирди чагылдыруу менен кошо адамдардын турмушун, дегеле дүйнөнү өзгөртүүчү эбегейсиз күчкө ээ экенин белгиледи.

"Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Баарыбыз дүйнөнү маалымат башкарган заманда жашап жатабыз. Ар бирибиз ишибизди маалымат менен баштап, маалымат менен күндү жыйынтыктайбыз. Айтылган кабар адамдын, коомдун жана мамлекеттин маанайына, жүрүм-турумуна жана чечимине таасир эткен зор күчкө айланды.

Ал эми күндөлүк турмушубузга интернеттин, башка социалдык түйүндөрдүн кеӊири кириши менен сөздүн, фактынын, ар кандай окуянын, кабардын мааниси ого бетер өстү. Кесипкөй журналисттер менен катар ар бир адам коомдук пикирге таасир эте алчу кудуретке ээ болуп отурат.

Кыскасы, журналистика азыр коомдук пикирди чагылдыруу менен кошо адамдардын турмушун, дегеле дүйнөнү өзгөртүүчү эбегейсиз күчкө ээ.

Кыргыз мамлекети аймакта сөз эркиндигинин деӊгээли боюнча сап башында келатканы талашсыз факт. Ар бир жаран ээн-эркин гезит же электрондук басылма, керек болсо телеканал ача алат. Ар бир жаран өлкөдөгү бардык окуяларга жана көрүнүштөргө өз баасын берип, ой-пикирин эркин таратып жатышат.

Маалымат булактарынын тынымсыз көбөйүшү, бардык жарандардын ой-пикирин эркин таратуу мүмкүнчүлүгү, тилекке каршы, башка бир көйгөйдү – жоопкерчиликсиздикти жаратты. Массалык маалымат булактарынан, айрыкча социалдык түйүндөрдөн атайылап жалган кабарлар таратылып, адамдарыбыздын аброюна, ар-намысына жана иш беделине доо кетирилип жатат. Андан да жаманы мамлекетибиздин, мамлекеттик органдардын ишмердигине жана келечегине шек келтирген, көө жапкан далилсиз материалдарды окууга мажбурбуз.

Журналистика бир гана далилдүү фактыларга таянууга тийиш. Ошондой эле атайылап коомду козутууну максат кылбаш керектиги кесиптик этикада баса белгиленген. Журналисттин сөзү курч, бирок далилдүү болушу абзел.

Айрыкча Кыргыз мамлекети сыяктуу демократия жолунда жаӊыдан ирденип келаткан өлкөлөрдө журналисттерден өзгөчө жоопкерчилик талап кылынат.

Албетте, кабарчынын милдети – коомдогу курч маселелерге элдин, бийликтин көӊүлүн буруу. Журналистика – коомдун санитары, анын аракети менен коом жаман адаттардан арылып, тазаланып турат. Биз маанилүү окуяларга убагында көӊүл буруп, далилдүү сөзү менен коомдун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болгон кабарчылар менен сыймыктанабыз. Ошону менен катар кесибинен кыянат пайдаланып, атайы ниет менен көпчүлүктү козуткан, адамдарды негизсиз басынтып, айып таккандан алыс болууга чакыра кетем.

Азыр Кыргыз өлкөсү үчүн тынчтык, туруктуулук, элдин ынтымагы баарынан кымбат. Ошондуктан журналисттер да баарыбыздын мекенибиздин келечеги үчүн жоопкерчиликти бөлүшүүгө милдеттүү.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат өмүр, чыгармачылык жаңы ийгиликтерди каалайм!" - деп айтылат президенттин куттуктоо текстинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tursunbaev78
2017-11-06 23:40:09
АША запойдон чыктыбы?
+4
Mikra
2017-11-06 23:48:33
Ммм чыкса керекда
+1
Mikra
2017-11-06 23:50:10
Бирок жакшыле иштеди АША.Буйурса Жээнбековда жакшы иштейт ичпей чекпей жебей.Нишалла
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан