Улан Саляновдун сөөгү 8-ноябрда жерге берилет. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Аида Салянованын жактоочусу Улан Жумаков билдирди.
Анын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылында болот.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн бет капчан белгисиз 4 адам атып кеткен. Окуя орун алган мезгилде үйдө Улан Салянов, анын аялы жана 17 жаштагы баласы болгон.
Ички иштер министрлиги аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоп, кылмышкерлерди издеп жатышат.