Ушул жылдын 15-ноябрь күнү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жыйынтыктоочу маалымат жыйын өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Алмазбек Усенов билдирди.
Эске салсак, мамлекет башчы жыл сайын 2 ирет жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип, маалымат жыйын берип келет. Соңку жолу ушул жылдын 24-июль күнү Чолпон-Ата шаарында жайгашкан мамлекеттик резиденцияда маалымат жыйын болуп өткөн.
Ал эми президенттик шайлоодон утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга дайындалган.