Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев 5-ноябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз-Өзбек мамилесин мындан ары өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта өлкө башчыларынын эки тараптуу иш сапарларында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча коюлган максаттар жөнүндө сөз болгону айтылат. Тараптар соода-экономика жана туризм тармагындагы, мындан тышкары транспорт жаатындагы биргелешкен долбоорду ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолгондугу белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан