Элчилик: "Москвада өрттөн каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары бар же жоктугу такталууда"

Бүгүн, 6-ноябрда Орусиянын Москва шаарында өрттөн каза болгон 6 мигранттын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жоктугу такталууда. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

"Каза болгондордун аты-жөнү тактала элек. Мындан улам биздин кызматкерлер кырсык болгон жерге кетишкен", - деди Байымбетова.

Өрт кырсыгы бүгүн түн ичинде шаардын түндүк-чыгыш тарабындагы Складочный көчөсүндө жайгашкан темир жолго керектүү шаймандарды койчу контейнерден чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр келип анын ичинен түтүнгө ууланып каза болгон 6 адамдын жансыз денесин жана бир адамды тирүү алып чыгышкан.

Тирүү калган адам ооруканага жөнөтүлгөн. Айрым маалыматтарга караганда каза болгондор Орто Азиядагы өлкөлөрдүн жарандары. Өрт кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, Орусиянын мыйзамы боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pandora
2017-11-06 23:54:54
Жок болуп калсын ылайым
+3
AzKumFerDan
2017-11-07 02:01:30
Pandora,омиййн биздикилер жок болсоэкен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан