Президент Дональд Трамп АКШнын Иранга карата бир тараптуу санкцияларын бир жылга узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 7-ноябрда чет элдик ММКлар жарыялашты. Иранга 1979-жылы киргизилген санкциялар узартылды.
"Биздин Иран менен болгон мамилебиз дагы эле калыбына келе элек. 1981-жылдын 19-январындагы Иран менен эки тараптуу макулдашууну аткаруу процесси уланууда", - дейт Трамп. Ушул себептүү АКШ лидери Иранга карата өзгөчө абал режимин узартууну чечкени айтылат Ак Үйдүн маалыматында.
1979-жылдын ноябрында Тегеранда исламчыл студенттер АКШ элчилигинин имаратын курчап, 66 адамды туткунга алган. Туткундардын көбү 1981-жылдын башында бошотулган. Тагыраак айтканда, 1981-жылы АКШ менен Ирандын ортосунда Алжир макулдашуусуна кол коюлгандан кийин коё берилген.