"Атасы Орусияга алып кеткен боюнча дайынсыз" делип изделип жаткан балдар табылды

"Атасы Орусияга алып кеткен боюнча дайынсыз" делип изделип жаткан балдар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда SUPER.KG порталына балдардын апасы Гүлзат Шарипова билдирди.

Анын айтымында, балдары Москвада табылган. Бирок кандайча табылганы тууралуу толук маалымат айткан жок. Ошондой эле ал Москвага учуп кеткенин кошумчалады.

Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын тургуну Гүлзат Шарипова SUPER.KG порталына кайрылып, мурдагы күйөөсү Кайрат Сатаев 7 жаштагы кызын, 5 жана 2 жаштагы уулун Москвага мыйзамсыз алып чыгып кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан. Ошондой эле ал балдарынын Москвада тилемчилик кылып жүргөнүн көргөндөр болгонун, улуу кызы мектепке барыш керек экенин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kgstan2014
2017-11-07 10:29:30
Жагымдуу жанылык
+2
Nanei
2017-11-07 10:35:14
Жакшы жанылык. Балдарын тилемчи квлган болбойт. Аман эсен апасы менен Кыргыз жерине кайтып келишсин
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан