Америкада Дональд Трамптын кортежине ортоңку манжасын көрсөткөн аял жумуштан айдалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка караганда, 50 жаштагы Жули Бриксмандын жетекчиси Бриксман өлкөнүн президенти кетип бара жаткан кортежге ортоңку манжасын көргөзүп түшкөн сүрөтүн, өзүнүн Твиттер жана Фейсбук жеке баракчаларына жарыялаганы үчүн аны жумуштан кетирген.
Белгилүү болгондой, Бриксман бул жумушунда жарым жылдан ашык эмгектенген. Ал иш убактысынан тышкары маалда сүрөткө түшүп калганын жана жумушка орношуп жаткан мезгилде интернеттеги социалдык тармактарга билдирүү жазуу тууралуу эч кандай сөз болбогонун билдирген. Бирок ага карабастан компанияга кандайдыр бир зыяны тийиши мүмкүн деген ой менен жетекчилик аны жумуштан кетирген.
Жули Бриксман болуп өткөн окуяга өкүнбөстүгүн жана ал коомчулуктун алдында Трампка болгон өз көз карашын билдире алгандыгын айткан.