ЖЫЛНААМА, 7-НОЯБРЬ: Таланты таңкы чолпон жылдыз болгон Мидин Алыбаевдин туулганына 100 жыл болду

Калеминен гүлдөй назик, ошол эле маалда миздей курч, октой таамай, ачуу, бирок адилеттүү сатиралык чыгармалар төгүлүп, куйкум сөзү адамдардын бирин калтырбай күлдүргөн Мидин Алыбаев көзү тирүү болгондо бүгүн, 7-ноябрда 100 жашка чыкмак.

"Талантың таңкы чолпон жылдыз эле,

Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле,

Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт,

Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!" - деп өз ырында акындын шакирти Байдылда Сарногоев эскерип кеткендей Мидин Алыбаев кайталангыс талант болгондугунда шек жок.

Өзүнүн чыгармачылык жолун 1934-жылдары баштаган Мидиндин ырлары бир жагынан терең лирикага толуп турса, бир жагынан сатиралык курч мазмунга ээ. Тамашага жакын болгон акын досторунун, курдаштарынын, шакирттеринин эсинде өзүнүн күлкүлүү окуялары жана тамашалуу ырлары менен калган. Алардын айрымдары төмөндө.

"Бөдөнөнүн сүтү"

Акын Райкан Шүкүрбеков сыркоолоп ооруканага жатып калып, Мидин аны көргөнгө барат. Терезеден баш багып, Райканды чакыртып, колуна бир бөтөлкөгө толтура куюлган сүт, эки туурам эт, анан жарым барак бүктөлгөн кагаз карматат. Анын алып келген азык-түлүгүн көрүп, Райкандын көңүлү жыйрыла түшкөнүн байкаган Мидин жубатып: "Эч капаланбай тур, досум, кабагыңды жыйрыбай ач. Бөтөлкөнүн ичинде "бөдөнөнүн сүтү" бар", - деген экен, медайымга угузбай шыбырап.

Көрсө, досунун табитин жакшы билген Мидин бөтөлкөдөгү аракка сүт кошуп, анын демине-дем болсун деп күч кошуп, бүктөлгөн кагазга:

"Аракка койдум сүт кошуп,
Аны иче бер досум, токтоосуз!
Ал сага берет күч кошуп…
Айыгасың бат эле,
Ээрчишип анан бирге жүрөбүз,
Баягыдай окшошуп", - деп жазган экен.

Абийирдүү эле тиги "Москвичке" тебеленели…

Жапаркул Алыбаев менен Мидин ээрчише басышып, чоң көчөлөрдүн кесилишине жеткенде, алдыда бараткан Жапаркул тез-тез басып өтүп кетмекчи болуп, алдыга обдула бергенде Мидин анын этегинен тартып токтотуп, кетип бараткан автобусту көрсөтүп айтат: "Ой, Жапаркул, шашпа! Бул чоң автобуска тебеленгиче, артында келе жаткан абийирдүү "Москвичке" эле тебеленели", - дептир.

Өпкө турганда жүрөктүн кереги не, агатай?!

Мухтар Ауэзовду кыргыз жазуучулары конокко чакырат. Бул тойдо Мухтар такыр спирт ичимдигин оозуна албай коёт. Айласы кеткен Аалы Токомбаев: "Эми кандай кылабыз, тиги тентекти чакыргылачы, ошол ичирип жүрбөсүн?" - дейт. Мидинди чакыртып Мухтардын үстүнө киргизишет.

Мидин Мухтарга катарлаш отуруп куйкум сөздөрү менен аны күлдүрүп, бир топ убакыт өткөндөн кийин сөз кезеги келе калганда: "Агатай, мына бу "кыргыз коньягынан" бир-эки рюмка алып койбойсузбу?" - дейт.

Анда Мухтар: "Ой-бай карагым, ичүүгө болмай атыр гой аныңды, анау жүрөк кургур ооруйду гой", - десе Мидин ага: "Агатай, өпкө турганда казак агайын-туугандарга жүрөктүн кереги не?!" - деп жооп кайтарган экен.

Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедейдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1930-жылдардын башында Фрунзедеги борбордук педтехникумга окууга кирет. 1936-1938-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинде эмгектенет. 1938-1940-жылдары Советтик Армиянын катарында болуп, финдерге каршы согушка катышкан. 1937-жылы Мидин Алыбаевдин "Бактылуу жаштык" деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Анда акындын алгачкы мыкты сатиралык жана лирикалык чыгармалары топтолгон. Ал эми жалаң гана сатира жаатында жазылган ырлары кийинчерээк "Ак чүч", "Мидин" жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан. Согуштан кийин республикалык гезит-журналдарда иштеген. 1959-жылы 42 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.

7-ноябрга карата жылнаама.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан