Президент “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл койду

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын коштоосу менен 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, Ч.Т.Айтматовдун бейитине гүл коюшту.

Андан кийин мамлекет башчысы менен коштогон адамдар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына барып, куран окушту.

Ошондой эле Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот, бийлик бутактарынын башчылары Бишкектеги "Жеңиш" аянтына барып, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин элесин эскерип, Өчпөс отко гүл коюшту.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган, анын ичинде Кыргызстандын калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү тарыхый инсандардын ролуна байланыштуу тиешелүү иш-чаралар өлкөбүздүн бардык аймактарында облустардын жана райондордун жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eksvp_1
2017-11-07 15:28:15
Бул күн Кыргыздын Духу ойгоно турган күн. 07,11,2017
+1
KGstan1981
2017-11-07 16:13:14
Баткен,Жалал-Абад,Нарын,Ош,Талас,Ыссык-Кол,Чуй облустарынын эли жана о.э Текебаевтин,Бабановтун,Жапаровтун,Мадумаровтун,Мырзакматовтун тарапташтары бир муштум болуп бируугугоо убакыт келди.
+5
SansaNePredaiJohna
2017-11-07 17:48:15
орустардын каршы чыгып не пайда тавасын.
-3
jbolotov
2017-11-08 00:47:37
SansaNePredaiJohna,Чон аталарынды бир убакта орустар кырган пулемёт менен кууп атып, калганы жан сактап кышында кытайга ото качып кырылган. Ошол бабаларыбызды 7-ноябрь орустун датасын белгилегенден коро туура озгортту.
-1
Medina87
2017-11-07 22:52:43
Бети жокко даба жок!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан