Бүгүн жарандык активисттер Жогорку Кеңештин алдына "Мөңгүлөрдү сактап калалы" аттуу митингге чыгышат

Бүгүн, 8-ноябрда жарандык активисттер Жогорку Кеңештин алдына "Мөңгүлөрдү сактап калалы" аттуу митингге чыгышат. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири Рита Карасартова өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Ал билдиргендей, митинг саат 9:30да башталат. "Жогорку Кеңештин күн тартибине "Суу кодексине өзгөртүү киргизүү" мыйзам долбоору кароого коюлуптур. Бул кылмыштуу демилгени 3-окуудан өткөргөнгө даярданып жатышат. Мөңгү десе Кыргызды элестетем", - деп жазган. Ошону менен катар эле Карасартова жарандарды митингге чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан