Кыргыз кызы Асел Сартбаева баш болгон окумуштуулар тобу химия тармагындагы эл аралык "IChemE Global Awards 2017" сыйлыгын утуп алышты

Кыргыз кызы Асел Сартбаева баш болгон окумуштуулар тобу вакциналарды тоңдурбай туруп сактоонун инновациялык ыкмасын иштеп чыгышканы үчүн химия тармагындагы эл аралык "IChemE Global Awards 2017" сыйлыгын алышты. Бул тууралуу Сартбаева иштеп жаткан BATH университетинин расмий сайты жарыялады.

Маалым болгондой, алар ойлоп тапкан ыкманын жардамы менен вакциналардын баасы арзандайт жана бардык муктаж болгондор эмдөө алууга мүмкүнчүлүк алышат. Окумуштуулар тобу вакцинаны кремний менен каптоо жолун иштеп чыгып, ушул ыкмада вакцина ар кандай температурага туруштук бере аларын аныкташкан. Мындан улам вакцинаны башка жакка жөнөтүүдө атайын муздаткыч талап кылынбайт. Бул систем иштелип чыга электе вакциналар бөлмө температурасында эле жараксыз абалга келип калганы айтылат.

Дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү окумуштуу айымдардын катарын толуктаган Асел Сартбаева сыйлык алардын тобу үчүн жакшы таасир калтырганын белгилеген.

"Бул сыйлыкты алуу мен үчүн сыймык. Мен бактылуумун. Биздин топ бул ыкманы иштеп чыгуунун үстүндө көп эмгектенди", - деп өзү менен бирге иштеген окумуштууларга ыраазычылык айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lady_91
2017-11-08 11:19:23
Азаматсыз ишинизге ийгилик!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан