Кыргызда Орто Азия жана Чыгыш Европага салыштырмалуу тестиер балдар кара жумушка көп иштетилет. Бул тууралуу эл аралык эмгек уюмунун "Бизнес биримдик менен диалог: бизнес стратегиясында жашы жете элек балдарды иштетүүнү алдын алуу" аттуу иш-чаранын алкагында айтылды.
Статистикада айтылгандай, Кыргыз өлкөсүндө 5 жаштан 17 жашка чейинки балдардын 27,8 пайызы алардын курагына туура келбеген, өсүүсүнө жолтоо болгон иштер менен алектенишет.
Ошондой эле Кыргызда балдарды коргоодо жакшы практикалык иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленген. Бирок айыл-чарба, туризм, соода-сатык, курулуш жана өндүрүш тармагында өспүрүм балдарды ишке тартуу болуп келгени кошумчаланган. Андан сырткары тестиер балдарды эмгек иштерине пайдалануунун алдын алуу жолдорунун 2030-жылга чейинки стратегиясы талкууланды.