Эми Twitter социалдык тармагынын колдонуучулары билдирүү жазуу үчүн 280 белги колдоно алышат. Бул тууралуу аталган түйүндүн негиздөөчүлөрүнүн бири Биз Стоун кабарлаган.
Маалым болгондой, көлөмдүү билдирүүлөрдү жазуу ушул жылдын сентябрь айынан тартып ишке киргизилген. Алгач текшерүү жүрүп, эми гана толугу менен иштелип бүткөн. Стоундун айтымында, билдирүү жазуу үчүн мурункудан 2 эсеге көп белги колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндөн тарта узун тексттерди жазып, жарыялаган колдонуучулар көбөйгөн жана алардын билдирүүлөрү башкаларга караганда көбүрөөк "жакты" белгисине ээ болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Twitter`ге билдирүү калтыруу үчүн 140 гана белги колдонууга мүмкүн болчу. Ал эми азыркы учурда япон, кытай жана корей тилдери үчүн өзгөрүү киргизилген эмес. Тагыраагы бул тилде жазгандар баштагыдай эле 140 белги колдоно алышат. Себеби аталган тилдерде өз пикирин толугу менен билдирүү үчүн аз гана белги колдонулат.