Адвокаттын үйүнөн Текебаевдин сотуна тийиштүү документтин уурдалышы боюнча кылмыш иши ачыла элек

Адвокат Канат Хасановдун үйүнөн саясатчы Өмүрбек Текебаевдин сот ишине тийиштүү документтердин уурдалышы боюнча кылмыш иши ачыла элек.

Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Адвокаттын арызы каралууда. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо чечими бүгүн кабыл алынары белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 7-ноябрга караган түнү адвокат Канат Хасановдун үйүнө белгисиз адамдар уурданып киришкен. Хасанов өзү кылмышка шектүүлөр үйдөн Текебаевдин сот ишине тийиштүү документтерди алып кетишкенин айтып чыккан эле.

Адвокат окуя боюнча милицияга арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Almaz75
2017-11-08 11:58:54
Бийлик өзү уурдап кетсе,ачылбайт да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан