“Бүгүнкү күндө адамдын өлүмү чымындын өлүмүндөй болуп жатат”, - деп бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков билдирди.
Ал акыркы 4 күндүн ичинде жол кырсыгынан 20дан ашык адам каза болгонун баса белгиледи. "Жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Өкмөт бул боюнча жаңы долбоорду тез арада ишке киргизүүсү керек. Жол кырсыгы көзөмөл жок болгондуктан, айдоочулар жол эрежесин сактабагандыктан болуп жатат. Ошондуктан жол кырсыгын жоюу үчүн Ички иштер министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы сунуш берүүсү керек. СССР убагында 3-4 адам каза болсо, жооптуу кызматкерлерге чара көрүлчү эле. Кайдыгер болбой көңүл буралы", - деди Субанбеков.
КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттерине "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча каражат табуу тапшырмасын берүүнү сунуштады.