Бүгүн, 8-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өтүүдө. Анда учурда жалпысынан 100гө жакын адам катышууда. Алар "Мөңгүдөн колуңарды тарткыла!", "Мөңгүнү сакта!" деп кыйкырып жатышат.
Активисттердин бири юрист Рита Карасартова митингдин максатын түшүндүрүп берди. "Өкмөт Суу кодексине өзгөртүү киргизип, мөңгүлөрдүн эрүүсүнө алып келе ала турган иш-чараларды өткөрүүгө алтын казган ишканаларга уруксат бергени жатат. Бул чыккынчылык демилге. Буга чейин тиешелүү мыйзам долбоору 2015-жылы көтөрүлгөн, бирок Жогорку Кеңеш аны артка кайтарган. Эми бул долбоор кайра демилгеленүүдө. Эгер мыйзам кабыл алынса, коррупцияга алып келет", - деди Карасартова.
Митингге чыккандар президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештен мыйзам долбоорун токтотууну талап кылышууда.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин тармактык комитети мөңгүлөрдү талкалоого жол берген мыйзам долбоорун 3-окууда жактырган.