Полиэтилен баштыктар кайра депутаттардын тынчын алууда

Жогорку Кеңештин 8-ноябрдагы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салууга мезгил келгенин айтты. Депутат бул маселени "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” жана “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда көтөрдү.

"Көчөгө чыксаң баштыктар учат. Өнүккөн өлкөлөрдө эчак эле мындай баштыктарды колдонууга тыюу салынып, кагаз жана башка эрип жок болуп кете турган баштыктарга өтүштү. Азыр көлдө полиэтилен баштыктар толуп жатат. Биз 5-чакырылышта мындай мыйзамды сунуштаганбыз. Бирок депутаттар аны өткөрбөй коюшкан. Өкмөт, силер ойлонгончо үч жыл өтүп кетти. Качан ушундай мыйзам сунуштайсыңар? Полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салууга мезгил келди", - деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Samina007
2017-11-08 11:59:56
Ооой Айжин деген баштыкты жок кыла көрбөгүлө баарынан да ботом.айжинге толуп келген эттердин жытынан кийин бир жума өткөндө ошол баштыкты жыттасаң кайра тойо түшөсүнгооо чиркин
+7
Samina007
2017-11-08 12:10:18
Дагы биз айжинибизди ыргытпайбыз,ушул тойдон келген бойунча муздаткычыбызда эт пети менен сактайбыз
+2
juma11anara
2017-11-08 12:33:45
Урматтуу КСДП депутатты сунушташты мен деле сунуштап коём. Аткарыш керек,иштеш керек,сунуштап коюп отура бербей.
+5
Isco23
2017-11-08 12:53:01
juma11anara,ал озу кандай аткарат?ошонун сунушун 119 эме колдосо аткарылат эле да
0
Stervamyn
2017-11-08 13:19:53
Баштыктан башка проблемалар толуп жатат,ошолорду чечкилечи биринчи.
+2
ekaterinburg
2017-11-08 15:38:36
Жол кырсык маселесин чечкилечи
+2
jalguzum
2017-11-08 17:46:26
Ой башка олколордо колдонушат эле. Мисалы азыр мен москвада жашайм Пятерочка, Магнит, Дикси, Ашан, Верный баардык эле магазиндин озунун полиэтилен баштыктары бар. Башка проблемаларды чечкилечи биринчи, бул маселени кое тургула
+1
Kemel87
2017-11-08 20:19:48
Менимче болбогон эле нерсени айтып жататго,мен деле орусиядамын ар бир магазиндер озунун атынан чыгарып жататко сушилерге чейин.Ошо пакеттер учпаш учун ар бир остановка ар бир мекеменин жанына урна коюлуш керек жана ошо урналарды тазалаган адамга айлык акы толоп беруу керек ошондо таза коом болот пакетти чыгарбаган кундо деле башка мусорлорго толуп жатбайбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан